ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын V-кезексиз сессиясы
2014-жылдын 23-декабры № 9/1
Жергиликтүү административдик аймагына» жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3-топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы №231 мыйзамын аткаруу менен Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффицентин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адиси Т Акшарованын маалыматын жана Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын V-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 1-январынан Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн «Жергиликтүү административдик аймагына» төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин:
- айыл-чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл-чарба багытында болбогон жерлерди пайдаланганы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын;
- мүлк салыгы 1,2,3 топтогу объектилеринин;
- Кз зоналык коэффиценти 1,2 өлчөлмүндө бекитилсин;
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин:
-жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу объектилерине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин таляптарына ылайык Кз зоналык коэффиценти эске алуу менен жүргүзүлсүн;
3. 2015-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө киргизилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктөлсүн.
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин тѳрайымы |
Б. Жумаева |