Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 256
Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндөгү Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.Осмоновдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылда кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы боюнча маселе Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы тарабынан кайрадан каралып, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн (М.Адашбаев).
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
У. Примов |