Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 255
Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүү Программасынын 2014-жылдын жыйынтыгы менен аткарылган иштери боюнча Ош шаарынын мэринин отчету
Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдагы кабыл алынган иш-планына ылайык Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүү Программасынын 2014-жылдын жыйынтыгы менен аткарылган иштери боюнча Ош шаарынын мэринин отчету жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 19-мартындагы №8-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүү Программасынын 2014-жылдын жыйынтыгы менен аткарылган иштери боюнча Ош шаарынын мэринин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүү Программасында белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө толугу менен аткарылуусун камсыздоо максатында:
-жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында салык жана салык эмес жыйымдарды жылдын жыйынтыгы боюнча ашыкча аткаруусун камсыз кылуу жана салык базасын кеңейтүү;
-программанын ишке ашуусун каржылык жактан камсыздоо боюнча экономикалык тармакты өнүктүрүү боюнча ири долбоорлор менен иштүү;
-шааркуруу жана архитектура тармагы боюнча социалдык обьектердин курулушун белгиленген мөөнөттө бүткөрүү жана көзөмөлдү күчөтүү;
-шааркуруу маселесин жънгъ салуу максатында Ош шаарынын башкы планын аягына чыгаруу;
-муниципалдык менчиктин реестрин түзүү жана эффективдүү пайдалануу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү;
-2014-жылда Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча башталган жумуштарды аягына чыгаруу жана улантуу;
-Ош шаарындагы коммуналдык чарбалардын ишин күчөтүү, алардын кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жогорулатуу;
-программанын ар бир тармагынын аткарылуусуна мониторинг жүргүзүү;
-ушул токтомдун аткарылышы боюнча жазуу жүзүндөгү маалыматты 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Ош шаардык Кеңешине берүүсү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
У. Примов |