Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-февралы № 59
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтомунун негизинде «Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын фонду» мамлекеттик ишканасы «Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Кол шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемеси болуп өзгөргөндүктөн жогорудагы нормативдик укуктук документтерге ылайык атайын эсептин каражаттарын максаттуу пайдалануу үчүн байкоочу кеңешке бир өкүл көрсөтүү жөнүндө
Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кол шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндөгү жобосунун негизинде Үч-Терек айыл өкмөтүнөн байкоочу кеңешке бир өкүл көрсөтүү боюнча айылдык кеңештин кезексиз XV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтомунун негизинде «Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Кол шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын фонду» мамлекеттик ишканасы «Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Кол шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемеси болуп өзгөргөндүктөн жогорудагы нормативдик укуктук документтерге ылайык атайын эсептин каражаттарын максаттуу пайдалануу үчүн байкоочу кеңешке Үч-Терек айылдык кеңешинин 2014-жылдын 19-февралындагы кезексиз XV-сессиясындагы шайлоонун жыйынтыгы менен Үч-Терек айыл өкмөтүнөн Жусукеев Чынтемир Качыкович байкоочу кеңештин өкүлү болуп дайындалсын.
2. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |