Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 60
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жана аппаратынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүндө өткөн жылы айыл чарбасы боюнча негизги тармактар болгон талаачылык жана мал чарбасы боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөн. Жалпысынан айыл өкмөтү боюнча 2171 гектар айдоо аянты айдалып себилген,анын ичинен 400 га буудай,600 га жүгөрү,145 га май өсүмдүгү,330 га коп жылдык чоп, 320 га картошка, 25 га жашылча,12 га бахча айдалган.
Айдалган эгиндердин үрөөнү негизинен дыйкан чарбалар колдо болгон үрөөндөрдү колдонушту, ал эми жашылча,бакча беде жана эспарсеттин үрөөндөрү башка аймактардан алынып келген,жашылча жана бакча айылдык кеңеш кызматы тарабынан алынып келинген.
Өткөн жылы Үч-Терек жана Саргата айылдарынын тургундары кол баскан зоонанын 250-300 гектар чамасындагы аянтына ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн эгип,тиешелүү түшүмдөрүн алышыпжошумча тоют запасын жана киреше алууга жетишишти.
2013-жылы айыл өкмөт өзүнүн негизги иши катары,социалдык багыттагы иштерди аткарууну жана айылдардын инфраструктурасын оңдоо,жашоочулардын бакубат жашоосун жогорулатууну эсептейт.
Өткөн жылы райондо өткөрүлгөн «Менин айылым» инвестициялык форумунда айыл өкмөттүн аймагында жалпысынан 1041.000 сомдук долбоорлорду ишке ашыруу белгиленген.
Мунун ичинен Осмонбек Артыкбаевдин жеке көмөгү менен Кызыл-Ураан айылындагы И.Жээнбеков,К.Сатаров көчөлөрүндөгү 1,5 чакырым аралы гана 110000 сомдук шагыл төгүү иштери каралып бүткөрүлдү.
Үч-Терек айылына спорт аянтчасын куруу боюнча 81000 сомдук иш аткаруу белгиленген,ал иш аткарылган,бирок калган бөлүгүн 2014-жылдын иш планына киргизилген.
Саргата айылынын К.Жаманбаева атындагы клубунун айланасын тосууга өзүнүн демөөрчүлүгү менен 60000 сомдук, М.Нургазиев атындагы орто мектептин ремонтуна жеке демөөрчүлөр У.Сулайманов, Ө.Сулайманов жана К.Нургазиевалардын демилгелери менен 2 атайын кабинеттер жана имараттын кире бериштери заманбап ремонттон өткөрүлүп. 10 млн.500 миң сомдук иш аткарылган.Жогорудагыларды белгилеп
Үч-Терек айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн жыл ичинде жүргүзгөн иши канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Салыктан жана соц.фонддон өнбөгөн карыздарды өндүрүү жоюу чараларын көрүү жагы салык инспекторлоруна, соц.аренда чогултуучу С.Жолдошовага милдеттендирилсин.
3. Калкты жумуш орундары менен камсыздоо жана кошумча кесиптерге даярдоо боюнча райондук миграция жана жумуштуулук комитета менен бирдикте иш алып баруу жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Малдардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча чараларды көрүү, лабороториялык анализдерин алып текшерүү вакцинациялоо иштерин жүргүзүү жагы вет.адис К.Жумабековго милдеттендирилсин.
5. 2014-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү үчүн техникалардын ремонтун бүткөрүү, күйүүчү, майлоочу майлар менен камсыз болуусуна уюштуруу жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин.
6. Эл арасында сел коркунучу боюнча жана кар көчкү коркунучундагы коопту участоктордо жер көчкүсүнүн пайда болушу жөнүндө түшүүсү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
7. Жарандардын арыз өтүнүч каттарына сергектик менен мамиле жасап, аларга учурунда тиешелүү жоопторун өз убагында берип туруу жагын көзөмөлгө алуу жагы жоопту катчы Д.Үркүналиевага милдеттендирилсин.
8. Мектептердин электр энергиясынын сарамжалдуу үнөмдүү пайдалануусун, электро котельныйлардын иштөө графиктеринин негизинде иштешин жана туура сакталышын көзөмөлдө жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
9. Социалдык - экономикалык өнүктүрүүнүн аткарылышы боюнча маалымат берип туруу жагы статист экономист С.Жолдошовага милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл окмот башчысынын орун басары Ж.Казимидиновго милдеттендирилсин.
11. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
12. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов
|