Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 61
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек жайыт комитети «Жайыттар» жөнүндөгү мыйзамдын негизинде жайыттарды пайдалануу боюнча жайыт жерлерин жайыт пайдалануучулардын жазган арыздарына ылайык жайыт билеттери берилип,жайытты сарамжалдуу пайдалануу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,эки тараптуу келишимдер түзүлүп берилүүдө.
Жайыт комитетинин 2013-жылы бюджетинде планда көрсөтүлгөн 573120 сом бекитилген болсо жалпы 266015 сом чогултулган.Мындан жайыт жер салыка чегерилгени 148,500 сом аткарылганы 138 пайызды түзгөн.Мындан башка жайыт комитетинин өздүк эсебине 117,515 сом жайыт акы чогултулуп, айлык акыга 85000 сом жумшалып, 20 мин 269 сом соц.фондко которулду.
Ошондой эле жайыттардын инфраструктурами жакшыртуу үчүн 20000 миң сом иштетилген.Жетиген айылынын айыл башчысынын кайрылуусу боюнча акча каражаты бөлүнүп, Тар-Туулук суу жээктериндеги жолдор элдин күчү менен ондолупдүзөтүү иштери жүргүзүлдү.
Жайыт комитетинин 2013-жылдагы иш план боюнча жайыттардын түшүмдүүлүгү-нүн абалына көмөмөл жүргүзүлүп Намаздык участкасындагы жайыттын түшүмдүүлүгүнө эсептөө иштери жасалды. Бул иликтөөнүн натыйжасында көрсөтүлгөн участокто түшүмдүүлүк 7,3 центнерди түздү. Жогорудагыларды белгилеп Үч Үч-Терек айылдык кеңешинин XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек жайыт комитетинин 2013-жылдагы жүргүзгөн иштери кетирген кемчилдиктери менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек жайыт комитетинин 2013-жылдагы планда көрсөтүлгөн иштери оз деңгээлинде аткарылбагандыгы эске алынып, жайыт комитетинин жоопкерчилиги күчөтүлсүн.
3. Жайыт комитетинин ишин алга жылдыруу максатында пландын эсебинен түшүүчү жайыт жер салыгын. жайыт акыны бөлүп жайыт комитетинин өздүк эсебине төгүү жагына өзгөчө көңүл бурулсун.
4. Алыскы жайыттарга баруучу жолдорду оңдоого каражатты өз убагында бөлүү жагы жайыт комитетине жүктөлсүн жана жоопкерчилиги суралсын.
5. Жайыт акы, жайыт жери үчүн салыктар мал алып чыккан жайыт пайдалануучулардан алуу жагы жайыт комитетинин торагасы Ж. Сатыбаевге милдеттендирилсин.
6. Жайыттардын абалын жакшыртуу максатында которуштуруп жаюу, менен жайыт билети жок жайыт пайдалануучулардын жоопкерчиликтери суралып, административдик чара көрүлсүн.
7. 2014-жылдын жайыт комитетинин бюджети бекитилсин жана торт штат бирдиги чечилип берилсин. Ар бир штат бирдиги боюнча жылына 5 айлык мөөнөт менен айлыктары чегерилип берилсин.
8. Ар бир малдын башына уйга-75сом, жылкыга - 90сом, кой-эчкиге 15 сомдон төлөө жагы белгиленсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы агрардык туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
10. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
11 .Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө.Сулайманов |