Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 62
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн суугат суу боюнча УОСтун жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XVI-сессиясынын күн тартибиндеги каралган суугат суу боюнча А.Абдыкадыровдун билдирүүсүн жана жасалган иштеринин аткарылышын угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин XVI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. УОСтун, Үч-Терек айылы боюнча суугат суу А.Абдыкадыровдун 2013-жыл ичинде жүргүзгөн иши канаттандыраарлык деп табылсын.
2. 2014-жылдын суугат суу сезонуна карата арыктарды, каналдарды тазалатуу, айыл чарба жерлерин айдап себүү өнөктүгүндө канча суу талап кылынаарын пландап УОС менен келишимдерди түзүү, иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж.Казимидиновго милдеттендирилсин.
3. Суугат сууну өз убагында камсыз кылуу жөнүндө графиктин негизинде бөлүштүрүү жагы УОСтун кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Жазгы суу берүүгө карата каналдарды, ички арыктарды тазалатуу иштерин жүргүзүү, мекеме жетекчилерин, дыйкан чарбалардын башчыларын уюштуруп тазалатуу жагы УОСтун кызматкерлерине, айыл башчыларына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө.Сулайманов
|