Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 63
Үч-Терек айыл аймагындагы жайгашкан мурдагы Шопоков совхозунун кеңсесин (азыркы поликлиника) Үч-Терек айыл өкмөтүнүн кеңсесине алмаштырып жайгаштыруу жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн кеңсесин алмаштыруу максаты айыл өкмөтүндөгү иштеген кызматкерлер бир кабинетте 3-4 кызматкер кысылып отурушкандыктан талапка жооп бербейт жана ал жерге көчүп барса эл үчүн мекемелер бир жерде болуп,эл дагы убара болбостон иштерин бир жерден бүтүрүшмөк максатында болуп жатат. Кабинеттин жоктугунан айыл өкмөтүнүн алдындагы техникалар боюнча инженери жана башка адистер иш кагаздарын ар кайсы кабинеттин бош ордуна олтуруп иштерин жүргүзүүдө.
Поликлиника мурун совхоздун кеңсеси, андан кийин район болуп уюшулганда Райадминистрациянын кеңсеси болгон, район жоюлгандан кийин поликлиника жайгашкан ал жерде азыркы мезгилде кабинеттер бош турат, ремонттору жок.Ал эми айыл өкмөттүн кеңсеси эвро ремонт болгон, жылытуу системасы жакшы иштейт.
Элдин суроо талаптары дагы поликлиника ушул жерге көчүп келсе жакшы болот эле деген ойдо. Анткени Мастерской участкасынан поликлиникага чейин барууга алые болгондуктан кээ бир мезгиде ооруп калгандар барып укол алууга алысытыгын айтып даттанышууда.
Ошондуктан элдин кызыкчылыгы үчүн эмкананы айыл өкмөтүнүн кеңсесине алмаштырып жайгаштыруу жөнүндө Бюджет боюнча комиссиянын сунушун эске алып айылдык кеңешинин кезектеги XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы жайгашкан мурдагы Шопоков совхозунун кеңсесин (азыркы поликлиника) Үч-Терек айыл өкмөтүнүн кеңсесине алмаштырылсын.
2. Үч-Терек айыл аймагындагы жайгашкан мурдагы Шопоков совхозунун кеңсесин (азыркы поликлиника) Үч-Терек айыл өкмөтүнүн кеңсесине алмаштырып жайгаштыруу маселесин 1-июнга чейин бүткөрүү айыл өкмөт башчысы Р.Сейдалиевге жана Ч.Орозов атындагы ЖДПБ башчысы М.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Чолпонкуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алында.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов
|