Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 64
Үч-Терек айыл аймагындагы соц.адистердин эл менен тыгыз байланышта иштөөсүн жакшыртуу жөнүндө
Эл өкүлдөрүнүн Үч-Терек айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын Үч-Терек айыл аймагындагы соц.адистердин 2013-жыл ичинде аткарган иштерин жана 2014-жылга аткарылып жаткан иштерин текшерип кароодогу соц. маселелер боюнча комиссиянын торагасы Т.Акылбековтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагында соц.адистердин жүргүзгөн иштеринде бир топ кемчиликтер бар экендиги эске алынсын.
2. Төмөндөгү иштерди аткаруу жагы айыл өкмөттүн соц.адисине жана соц. тейлөөчүлөргө милдеттендирилсин.
- согуштун катышуучуларынын, майыптарынын жана оруктун катышуучуларынын тизмесин тактоо жана алардын турмуш абалдары боюнча иштерди жүргүзүү;
- балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулду дайындоонун даректүүлүгүнүн маселелерин чечүү боюнча түзүлгөн комиссия менен бирдикте жүргүзүү;
- пенсия жана пособия боюнча этникалык кыргыздарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- кары, багар көрөрү жок жалгыз бой адамдарга жеңилдиктерди алуусуна жардам көрсөтүү;
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, жалгыз бой кары-картаңдарды мекеме уюмдарга шефтике бөлүп берүү;
- окуудан баш тарткан кароосуз балдарды тактоо, рейддерди жөргүзүү, жакыр үй-бөлөөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүүгө көмөктөшүү;
- мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата 1 күндүк акция өткөрүү;
- балдардын ден-соолугуна байланыштуу үйдө билим алуусуна уюштурууга жардам көрсөтүү;
-жарандардын суроо талаптарына, кайрылууларына сергектик менен мамиле кылып өз убагында жооп берүү;
-турмуштук оор кырдаалда калган балдарга социалдык жардам көрсөтүү, асыроочу жайларга жөнөтүү боюнча чараларды көрүү;
3. Бул токтомдогу милдеттендирүүлөр аткарылбаган учурда, мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилсин жана аткарылган иштер боюнча квартал сайын билдирүүлөрдү берип туруу жагы соц.адис Г.Жусукеевага, соц.тейлөөчүлөргө милдеттендирилсин.
4. Диний имамдар менен иш алып баруу жана элден чогулуучу орозо битирди турмуш шарты оор үй-бүлөөлөргө бөлүштүрүп берүү боюнча иш алып баруу жана көзөмөл жүргүзүү жагы билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Чолпонкуловго милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов
|