Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июлу № 82
Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясында, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы жайгашкан ЖДПБ, ГСВ, СВА, ФАПтардын 2013-жылга отчету, 2014-жылга жарым жылдыгында жүргүзүлгөн иштери жана иш пландары жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Акылбеков Токтордун билдирүүсүн угуп жана талкуулап кеңештин кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн айыл аймагында жайгашкан ЖДПБ, ГСВ, СВА, ФАП тардын жүргүзгөн иштерин канаттандыраарлык деп табылсын.
2. СВА, ФАПтардын колдонулган дары дармектеринин идиштерин, калдыктарын жана башка таштандыларды төгүп өрттөөчү атайын чункурлар (яма) өтө начар абалда болгондуктан, талапка ылайык жана чункурларды каздыруу менен калдыктарды улам өрттөтүп туруу жагы башкы врачка милдтеттендирилсин.
3. Айылдардагы СВА, ФАП, Ч.Орозов атындагы ГСВ, номерлүү оорукананын башчыларына төмөндөгү иштерди аткаруу жагы милдеттендирилсин.
-көчөлөрдү кыдырып ооругандар болсо медициналык жардам көрсөтүү жагы: -ооруканада жугуштуу ооруларды жаткыруу үчүн атайын шарттарды түзүү: - калкты медициналык тейлөөдө, оорулууларды дары-дармек,тамаш-аш менен камсыз болуусун көзөмөлгө алуу:
4. Ч.Орозов ооруканасынын муздаткычы жок болгондуктан 2014-жылдагы бюджетине киргизип жаңы муздаткыч алый берүүгө жардам берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов
|