Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июлу № 83
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы жайгашкан почта кызматкерлеринин 2013-жылга отчету, 2014-жылдын жарым жылдыгында жүргүзүлгөн иш пландары жана соц.адис, тейлөөчүлөрдүн жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Акылбеков Токтордун билдирүүсүн угуп жана талкуулап кеңештин кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кары-картандарга,Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына, катышуучуларына жана багар көрөрү жокторго, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар тараптуу жардам көрсөтүү жана пособия, пенсияларын өз убагында үйлөрүнө жеткирип берүү жагы почта бөлүмдөрүнүн башчыларына милдтеттендирилсин.
2. Почтанын сыртына жазуусун жана иштөө графиктерин илдирүү, элди тейлөөдө сергектик менен мамиле кылуу, келген кат, газета журналдарды тиешелүү мекеме уюмдарга оз убагында жеткирүү жагы жана арыз даттануу боюнча китепче ачып коюу жагы почта бөлүмүнүн башчыларына милдеттендирилсин.
3. Жетиген,Саргата айылдардагы почта тармактарына жер бөлүп берүү жагы жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |