Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июлу № 84
Үч-Терек айыл өкмөтүнө келген техникалардын 2 автосамосвал, 1 авто погрузчик жана 1 эксковатордун №69 токтомдо бекитилген тарифтерине 500 сомдон кошуп бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Маматсаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учурда күйүүчү жана майлоочу майлардын баалары кескин түрдө көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу техникалардын элге кызмат көрсөтүүдөгү №69 токтомдо бекитилген бааларына 500 (беш жүз) сомдон кошулуп бекитилсин.
2. Бекитилген акча каражаттарынын негизинде техникалардын элге кызмат көрсөтүп жаткандыгын көзөмөл жүргүзүү жагы механик И.Кадыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |