Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 90
Үч-Терек айылдык кеңешинин XXI сессиясында каралган Дин маселеси жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты Билим берүү жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрага орун басары Урматаев Тагайбектин сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар кандай диний агымдар, Хизбут тахрир жана диний экстремисттик уюмдар боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жергиликтүү имамдарга жана мекеме жетекчилерине,айыл башчыларына милдеттендирилсин.
2. Сырттан келген дааватчылардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы имамдарга жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Райондук имамдар менен байланыш колго алынсын жана шарияттка каршы келген каада-салттагы терс көрүнүштөрдү жоюу иш чарасы жүргүзүлсүн. .
4. Куран түшүрүү үчүн имамдарга атайын сертификат берүү боюнча сунуш колдоого алынып,аны аткаруу жагы райондук имам хатибден суралсын.
5. Бул токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү,маданият,дин иштери.спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |