Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 91
Үч-Терек айылдык кеңешинин XXI сессиясында каралган Билим берүү мекемелеринин ремонт иштери жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты Бюджет жана Экономика, муниципиалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Маматсаев Эмилдин сунушун угуп жана талкуулап айылдык кенештин кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектептердин ремонт иштеринин жүрүшүндө бир катар иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Ремонт иштерин жүргүзүүдө донордук уюмдар жана демөөрчүлөр менен тыгыз байланышта иштешүү жагы мектеп директорлоруна тапшырылсын .
3. 1-4-класска чейинки окуучулардын тамак-ашына өткөрүлгөн тендерди жараксыз деп таап, тендерсиз тейлөөнү айыл өкмөткө өткөрүп берүү боюнча тиешелүү жогорку органдарга сунуш кат берип маселени чечүү жагы мектептин директорлоруна жана айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Чолпонкуловго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов
|