Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 96
Кызыл-Ураан айылынын тургуну Ибраимов Артык жана Саргата айылынын тургуну Абдукаримова Гулзатка жашоо шарты начар болгонугуна байланыштуу жардам берүү жөнүндө
Кызыл-Ураан айылынын тургуну Ибраимов Артыктын үй шарты оор абалда аялы паралич, алты баласы бар балдарынын буттарында артыкча бармактары бар, бут кийим кийгенге да буттары туура келбей ооруйт,4 баласы инвалид, өзү балдарын аялын карап эч жерде иштебейт. Ушул үй бүлөөгө жардам берүү зарыл, ошондой эле Саргата айылынын тургуну Абдукаримова Гулзаттын турмуш-шарты дагы оор күйөсү камалып кеткен 4 баласы бар эч жерде иштебейт бир баласы оорулуу ушул адамга баласын догдурга көрсөтүп инвалид группасына чыгаруу үчүн акча каражатын карап берүү зарыл.
Ошондуктан ушул эки адамдын турмуш-шартын эске алып акча каражатын карап берүү боюнча соц.маселелер боюнча турукутуу комиссиянын торагасы Акылбеков Токтордун билдирүүсүнүн негизинде айылдык кеңештин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ураан айылынын тургуну Ибраимов Артыкбайдын жашоо шарты начар болгондуктан арызын эске алып бюджеттен 10,0 сом акча каражаты, Саргата айылынын тургуну Абдукаимова Гулзаттын кызы бала чагынан оорулу болгондугуна байланыштуу доктурга көргөзүү үчүн каражатынын жетишсиздигин жана турмуш шартынын оордугун эске алып жергиликтүү бюджеттен 5000 сом акча каражатын карап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттарын өз убагында берүү жагы башкы эсепчи Ш. Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
З. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов
|