ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын, Үч-Терек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2014-жылдын 5-ноябры № 99
Токтогул райондук электр тармактарынын Үч-Терек аймактык бөлүмүнүн жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек подстанциясынын 9 айдын ичинде алган кВт 13 011 872 квт, контролерлордун абоненььерди текшерүү учурунда тапкан кВт 7 196649 квт, мекемелер колдонгон квт 5815223 кВт, 2014 жылдын 1-январь айынан баштап 30-сентябрына чейин элден чогултулган акча төмөнкү сумманы түзгөн 4132914 сом.
Үч-Терек айылында 490 абонент, Саргата айылында 401 абонент,Кызыл-Ураан айылында 393 абонент, Кара-Жыгач айылында 533 абонент жалпысынан Үч-Терек подстанциясы 1817 абонентти электр энергиясы менен камсыздайт.
Бир айлык колдонулган электр энергиясынын акысы өз убагында төлөнбөсө карызына күнүнө 0,01% туум чегерилет жана эскертүүсүз электр энергиясын берүү токтотулуп,кошумча өчүрүү, тамызуу кызмат акысы (207 сом 48 тыйын) кошулуп эсептелери абонентерге эскертилип келүүдө.
Үч-Терек айылынын 104 эски электр эсептегич жана электрондук электр эсептегич менен алмаштырылып кабелдери тартылган. Кызыл-Ураан айылынан 130 электр эсептегич кабели менен, Саргата айылында 120 электр эсептегичи кабели менен алмаштырылган. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул райондук электр тармактарынын Үч-Терек аймактык бөлүмүнүн 2014-жылдын 9 айында жүргүзгөн иши айрым кемчилдиктери менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек аймагы боюнча электр линялардын алдында мыйсамсыз тигилген тал-теректер жана авариялык коркунуч келтирген бактарды жаз,күз мезгилдеринде кыйып тазалоо иштерин жүргүзүү жагы Үч-Терек аймактык электр тармактарынын жетекчиси Ж. Абдылдабековго жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
З. Электр энергиясын өчүрүүдө алдын ала мекеме ишканаларга эскертүү берүү жагы Үч-Терек аймактык электр тармагынын мастери Ж.Абдылдабековго милдеттендирилсин.
4. Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан, Жетиген айылдарында абоненттерди тейлөөдө өз убагында текшерип квтанцияларын кечиктирбей берүү жагы Үч-Терек электр энергия башкармалыгынын кызматкери К.Турдукуловго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комиссияга милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов
|