Редакцияот 25.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2015-жылдын 25-февралы № 23/1

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Мантыш-Булак” ИСКАКБсынын ичүүчү таза суу үчүн калктан алынуучу тарифи жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жалпы элдик жыйынын протоколун угуп жана талкуулап угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Мантыш-Булак” ИСКАКБ сынын ичүүчү таза сууга болгон тарифи: төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

№

Кардарлар

Өлчөө бирдиги

Баасы (сом)

Бир күндүк нормасы

(литр)

1

Бюджеттик мекемелер

1м/куб

13,23

 

2

Коммерциялык мекеме ишканаларга, жеке ишкерлерге

1м/куб

13,23

 

3

Калк үчүн

1м/куб

13,23

 

Анын ичинен:

а) көчөдөгү суу чоргосунан пайдалангандарга

1 адамга 1 айга

1 адамга 1 жылга

20-00

240-00

50

б) короосунан суу пайдалангандарга

1 адамга 1 айга

1 адамга 1 жылга

35-00

420-00

87

в) мончолор

1 айга

1 жылга

600-00

7200-00

 

1500

Суу туташтыруу акысы

(подключение)

1 абоненттен 1 жолу

3000-00

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алып нарын облусундагы монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органы менен тарифтик бааларды макулдашып бекитип алуу жагы “Мантыш-Булак” ИСКАКБ сынын төрагасы Н. Сопубековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.И. Курткаев