Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июлу № 85
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевдин 2014-жылдын жарым жылында жүргүзгөн иштери боюнча отчету
Айыл өкмөт боюнча жалпы айыл- чарбасына багытталган 2848 га жер инин ичинен суугаты 954 га жайрагы 1894 га.мамлекеттик фондцо калтырылган жалпы жер 736 га , мунун ичинен сугаты 204 га жайрагы 473 га,жогоруда көрсөтүлгөн айыл- чарба жерлери-нин ичинен 2014 -жылдын түшүмү үчүн себилүүчү өсүмдүктөрдүн структурасы боюнча 2227га жер пландаштырылып.күздүк буудай - 15 га айдалгандүшүмдүүлүк 1га дан 20ц ден түшүм жыйналып алынган. Дүң түшүм 30 тн алынды. Арпа 10 га айдалган, түшүм-дүүлүк 15 ц.ден болуп 15 тонна арпа алынган. Ал эми 132 га жаздык буудай себилген.
Жүгөрү 647га пландаштырылган.Бардык аянты айдалып себилген. Май өсүмдүгү 149га пландаштырылган,бирок дыйкандарыбыз бул культуранын ордуна картошка себүү менен алектенишкен. Картошка план бюнча 390 га болуш керек эле ,бирок жогорудагы жагдайда көрсөтүлгөндөй 483га айдалган жана себилген.
Жашылча планда 50га ,бахча планда 22га бул өсүмдүктөр толук айдалып себилген. Күздүк кылкандуу дан эгиндери ылдыйкы зоонада орулуп бүттү түшүмдүүлүктөрү жогоруда көрсөтүлгөндөй болду.Ал эми мал чарбалыгы жана мал- чарба азык түлүктөрүн өндүрүү план тапшырмалардын аткарылышы төмөндөгүчө:
2014- жылдын 6 айында 95646 ,87сомдук жалпы мал- чарба продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 101.8 % аткарылды. Атап айтсак 350 тонна ,эт продукциясы 49,073млн сомдук өндүрүлүп өткөн жылга салыштырмалуу 2615,72 мин сомго коп же105,6 % ке аткарылган. Мындан сырткары айыл өкмөттүн техникалары элге кызмат көрсөтүүдө (шагыл,топурак төгүү жана башка кызматтар) март айында 29000 сом,апрелде 336170 сом, май айында 181050 сом, июнь айында 126000сом, же болбосо жалпысынан 672220 сомдук кызмат көрсөтүлгөн.Шагыл төгүү жана элге кызмат көрсөтүү иштери улантылууда.
Суугат суу боюнча-айдалган аянттардын суугат суу менен камсыз кылуу райондук суу тармактар башкармалыгы менен бирдикте түзүлгөн графиктин негизинде берилип турат. Бүгүнкү күнгө Саргата, Үч-Терек дыйкан чарбалары беденин экинчи чабыгын чабышууда, жүгөрү аянты дээрлик биринчи суугаттан өттү.
Жетиген, Кызыл-Ураан айылдарында буудай массалык түрдө суугаруу жүргүзүлүп жатат. Кол баскан жердеги эгин аянттарын оруп жыюу 15-июлунан баштоо күтүлүүдө Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн башчысы Р.Сейдалиевдин жарым жылда жүргүзүлгөн отчету кемчилдиктери менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Ар бир айылдарга таштандыларды төккөнгө Үч-Терек айыл өкмөтүнө келген техникалардын жардамы менен яма каздырып берүү жана көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөткө жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы айылдардын социалдык абалын жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча элдик жана Республикалык инвестицияларды тартуу аркылуу иш жүргүзүүнү аткарууга алуу жагы айыл өкмөткө жана айыл башчыларына тапшырылсын.
4. Айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын өндүрүү элге кызмат кылууну жакшыртуу, инвесторлорду тартуу, капиталдык салымдарды көбөйтүү отчет, учет иштерин жакшыртуу жагы салык инспекторлоруна, статист-экономистке, башкы бухгалтерге милдеттендирилсин.
5. Жарандардын арыз, өтүнүч каттарына, кайрылууларына сергектик менен мамиле жасап, аларга учурунда тиешелүү жоопторун оз убагында берип туруу жана көзөмөлгө алуу жагы жооптуу катчы Д. Уркуналиевага милдеттендирилсин.
6. Бруцеллезго каршы көзгө тамчылатуу ыкма Рев-1 вакцинасы менен эмдөө боюнча Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чыгыш №96 15-июл жана Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 2014-жылдын №78 16-июлундагы буйруктарнын негизинде эмөө кылуу үчүн, вет. Врачка жардам берүү үчүн эки-үч адамдан турган бригада түзүлүп акча каражатын которуп берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге жана Вет.адис К.Жумабековго жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
7. Жалгыз бой кары-картаңдарга, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга материалдык жардамдарды көрсөтүү жагы соц. адистерге милдеттендирилсин.
8. Кайра бөлүштүрүү жеринен келишимдин негизинде түшүүчү акча-каражатын көзөмөлгө алуу, сатыктын-түрлөрү боюнча төлөнүшүн кошумча булактарды издөө жагы салык кызматкери А.Ырысбаевге милдеттендирилсин.
9. Айыл өкмөттүн карамагындагы техникалардын иштөө тартиби көзөмөлгө алынсын жана элге кызмат көрсөтүүдөгү түшкөн акча каражаттары оз убагында кассага төгүлсүн. Төгүлгөн акча каражаттарын көзөмөлгө алуу жагы башкы бухгалтер Ш. Сатыбалдиевге жана техникаларды оз убагында максаттуу иштешине көзөмөл жүргүзүү жагы механик И.Кадыровго милдеттендирилсин.
10. Айыл өкмөтүндө «Муниципиалдык менчиктин обьектилерине инвентариза-циялоо жана тактоо иштерин жүргүзүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбадиевге, А. Калманбетовго милдеттендирилсин.
11 .Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
12.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |