Редакцияот 23.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы) 19-кезектеги сессиясынын заседанияси

 

2015-жылдын 23-февралы № 4

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен үлүштүк (түрткү берилүүчү) грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтунүн аймагындагы Кызыл-Тейит айылындагы № 2697 суу түтүк скважинасын калыбына келтирүүга жана тазасуу системасын кенейтүү боюнча даярдалган бизнес долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн акча каражатын бөлүп берүүт камсыз кылуу максатында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Тейит айылындагы № 2697 с түтүк скважинасын калыбына келтирүүга жана тазасуу системасын кеңейтүү боюнча даярдалган бизнес долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берилүүчү) грант алуу үчүн Жаңы-Ноок; айылдык кеңешинин жергиликтүү бюджетинен 307432.0 (уч жүз жети мин торт жүз оттуз эки) сом бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышьш көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Имамов