ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы) 21- кезектеги сессиясынын заседанияси
2015-жылдын 22-апрели № 3
«Сахаба» эс алуу багынын жерлерин кайра бөлүштүрүү фонд жеринин категориясынан парк сквер категориясына которуу жана ал жерди убактылуу ижарага берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы «Сахаба» эс алуу багына мурдагы союз мезгилинен бери туристер келип жаткандыгын, азыркы күнгө келип элдин турмуш жашоо деңгээли жакшыланып, эс алуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү болуп жаткандыгы, ушу менен бирге эс алуу үчүн келген туристерге ар түрдүү кызматтарды көрсөтүү жолу менен жумушсуз жүргүн айыл тургундарына жумуш орундары түзүлүп жаткандыгьш эсепке альш «Сахаба» эс алуу багынын жерин кайра бөлүштүрүү жерлеринин эсебинен парк сквер категориясына которуу маселси зарыл болгондугу үчүн ал жердеги жерлерди убактылуу ижарага берүү маселеси талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Сахаба» эс алуу багынын жерлерин кайра бөлуштүрүү фонд жеринин категориясынан парк сквер категориясына которуу жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн сунушу макулдалсын.
2. «Сахаба» эс алуу багьшын жерлерин кайра бөлуштүрүү фонд жеринин категориясынан парк сквер категориясына которуу үчүн керектелүүчү иш кагаздарды даярдоо жана жогру турган мамлекеттик бийлик органдарына сунуштоо иштери Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. «Сахаба» эс алуу багынын жерлерин кайра бөлупггүрүү фонд жеринин категориясынан парк сквер категориясына которуу маселеси көтөрүлгөндүгүнө жана жумушсуз жүргөн айыл тургундарын жумуш менен камсыз кылууну уюштуруу максатында аталган жер айыл тургундарына 2015-жылдын 30-сентябрына чейинки мөөнөтү менен убактылуу ижарага берилсин.
4. "Сахаба" эс алуу багына айыл тургундары тарабынан өз алдынча курулган ар түрдүү курулуштарды бузуп, алып таштоо иштери 2015-жылдын 30-сентябрынан башталсын.
5. Ушул токомдун аткарылышьш көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдулук боюнча туруктуу комиссиясьша тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Имамов
|