Редакцияот 11.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XII сессиясы

 

2014-жылдын 11-апрели № 14

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жөнүндө

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XII сессиясынын күн тарбибинде элдердин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө боюнча маселени угуп жана шалкуулап Ийри-Суу айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мал багуучулар кара малга тузу менен 1 айга 400 сом, кийинки айларга 350 сом, кой- эчки I - айына тузу менен 80 сомдон кийинки айларга 70 сомдон, жылкы 400 сомдон кызмат акысы алынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.

 

Ийри-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С. Курманбеков