Редакцияот 11.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XII сессиясы

 

2014-жылдын 11-апрели № 18-1

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы ырым жырымдарды кыскартуу ашыкча чыгымдарды болтурбоо жана ичимдиктерди сатууда түнкү мезгилге чектөөлөрдү коюу жөнүндө

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XII сессиясынын күн тарбибинде ырым-жырымдарды кыскартуу ашыкча чыгымдарды болтурбоо жана ичимдиктерди сатууда түнкү мезгилге чектөөлөрду коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 3АГС той 4-машинадан ашпасын камера тарткандан сырткары

2. Маркумду акыркы сапарга узатууда союлуучу согум бир жаш торпоктон ашпасын (бар алынча) себет ,чүпүрөк-сапырак жок болсун.

3. Айылдагы магазиндер эрте мененки саат 8-00 дөн кечки сайт 22-00 гө чейин иштешсин. Спирт ичимдиктери жашы жетелек балдарга сатылбасын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзам комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Ийри-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С. Курманбеков