Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 72/ХIУV-26
Малга ийне салуунун жана ветеринардык күбөлүк берүүнүн баасын бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында жугуштуу оорулардын алдын алуу максатта малдарга салынган ийненин жана мал базарга берилүүчү ветеринардык күбөлүктүн баасын бекитүү маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал доктурлардын жергиликтүү калктын малдарын дарылоодо көрсөткөн кызматы үчүн төмөндөгү баалар бекитилсин
1.1. Ветеринардык күбөлүк берүү баасы:
-уй,жылкы үчүн Ф-1 формасы - 70 сом
-кой үчүн Ф-1 формасы -40 сом
-союлган малга Ф-2 формасы -150 сом
-сүткө Ф-4 формасы 1 айга -200 сом
1.2.Малдарга ийне салуу баасы:
-уй,жылкы,тай,торпок-50 сом
-кой- 20 сом
-ит- 10 сом
-уй, жылкы, тай, торпоктордон кан алуу-50 сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш.Андашов |