Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 74/ХIV-26
Нурманбет айылынан турак үй курууга бөлүнүп берилген жер тилкесинин баш планын бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айылынын А.Ордобаев көчөсүнөн турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкесинин баш планын бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан түзүлгөн Нурманбет айылынын А.Ордобаев көчөсүнөн турак үй курууга бөлүнүп берилген 0,56га жер тилкесинин баш планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш.Андашов |