Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 75/ХIV-26
Жайыт комитетинин 2015-жылга карата жайыт колдонуучулардын мал башына төлөм акыларын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Нурманбет айыл кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жайыт колдонуучулардын мал башына төлөмдөрүнүн, жайыт комитетинин төрагасынын жана бухгалтеринин эмгек акысын бекитүүсүн талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитети сунуштаган мал башына төлөмдөр төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
- Ири мүйүздүү бодо мал башына -80 сом
- Жылкы башына -80 сом
-Тай, торпок башына -55 сом
- Кой, эчки башына -15 сом
-Жайыт комитетинин төрагасынын айлык акысы -4000 сом
-Жайыт комитетинин бухгалтеринин акысы -3000 сом
-Төраганын орун басарынын эмгек акысы-2000 сом
Эмгек акылары 1-марттан 30-ноябрьга чейин 9 айга эсептелсин
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлүндө айылдык кеңештин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Андашов |