Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 76/ХV-26
Жер участогун которуу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Жантаев Мейкин Абласовичтин Ысык-Ата райондук сотунун 1-август 2014-жылдагы №ГД 2-1315-14-Ч8 чечиминин негизинде берилген, №242 жана 244 контурларда жайгашкан 4616,5кв.м жер участкасын которуу жөнүндө арызын карап жана талкуулап,№242,244 контурлардагы “Жайыт” түрүндөгү жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына которууга даярдалган документтер менен,Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу(трансформациялоо тартиби жөнүндө” Убактылуу жобого ылайык ,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-13-беренелеринин негизинде токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №242,№244 контурлардагы 4616,5кв.м жер участогу “Жайыт “ жерлери түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер “ категориясынын “башка жерлер” түрүнө которулсун(трансформациялансын).
2. Бул токтом Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында бекитилүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Андашов |