НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-апрели № 78/ХVI-26
Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагында кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коэффициент Кз аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008 -ж Салык Кодексинин № 339-беренесинин 4П ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерди , калктуу конуштардын жерлери үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө № 327 беренени аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси жөнүндөгү мыйзам ченеминин 3 бөлүгүнүн 3 беренесине ылайык 2015-жылдын 1-январынан тартып кыймылсыз мүлктүн 1,2,3 группасынын жер салыгынын жана мүлккө салык киргизуу маселесин карап чыгып Нурманбет айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерге 2015 жылга айыл чарба багытындагы эмес жерлерди , калктуу конуштардын жерлерин колдонуу үчүн юридикалык жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрунө жер салыгынын чөлкөмдук коэффициенти К з 1,2 өлчөмдө аныкталсын.
-Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси жөнүндөгү мыйзам ченеминин 3 бөлүгүнүн 3 беренесине ылайык 2015-жылдын 1-январынан тартып кыймылсыз мулктун 1,2,3 группасынын жер салыгы жана мүлккө салык киргизуу Нурманбет айылдык кенешине милдеттендирсин.
2. Нурманбет айыл өкмөтүнө:
-бул токтом Чуй-Бишкек юситиция башкармалыгына ченемдик –укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн бекитилсин.
-бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Андашов |