НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-апрели № 81/ХVI-26
Сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарын 2015-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Нурманбет айыл өкмөтүнун аймагындагы “Балбан суу”, ”Гөк чаар”, ”Эпкин суу” сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарынын 2015-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө бирикмелеринин жетекчилеринин маалыматын угуп,талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарын 2015-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө маалымдамасы эске алынсын
2. Бирикмелердин жетекчилери А.Бекбоев,К.Сардарбеков,А.Думанаев төмөндөгүлөрдү аткаруу милдеттендирилсин:
-чоң тракторлор менен кесилүүчү арыктарды жакынкы арада кесип бүтүрүү
-2015-жылдагы сугат мезгилинде ыйкандарды тынымсыз,жетиштүү көлөмдө сугат суу менен камсыз кылуу
-сугат суусун биринчи кезекте суу талап кылынган өсүмдүктөргө берүү
-сугат суусун ар бр дыйкандын талаасына кууп жеткирип берүү
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевге жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш.Андашов |