Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 120/XXI-26
Кант шаарынын мэриясынын 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы, Кант шаарынын мэриясынын 2015-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2016-2017-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүңдөгү” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Кант шаарынын мэри Э.Д.Абдрахмановдун Кант шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси-А.К.Узбекованын “Кант шаарынын мэриясынын 2014-жылдык бюджетинин аткарылышы, Кант шаарынын мэриясынын 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2016-2017-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндөгү” билдирүүлөрүн угуп
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын “Кант шаарынын мэриясынын 2014-жылдык бюджетинин аткарылышы, Кант шаарынын мэриясынын 2015-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2016-2017-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндөгү” маалыматы эске алынсын, киреше бөлүмүнүн суммасы 201009,6 (эки жүз бир млн. тогуз миң алтымыш) сом, чыгаша бөлүмүнүн суммасы 135018,3 (жүз отуз беш млн. он сегиз миң үч жүз) сом, жыл аягына каражат калдыгынын суммасы 141114,7 (жүз кырк бир млн. жүз он төрт миң жети жүз) сом, анын ичинде бюджеттик каражат 133296,4 (жүз отуз үч млн. эки жүз токсон алты миң төрт жүз) сом, атайын каражаттын эсебинен 7818,3 (жети млн. сегиз жүз он сегиз миң үч жүз ) сом.
2. Кант шаарынын мэриясынын 2015-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүнө 213686,0 (эки жүз он үч млн. алты жүз сексен алты миң) сом бекитилсин, анын ичинен:
- бюджеттик каражат-206386,0 (эки жүз алты млн. үч жүз сексен алты миң) сом;
- атайын каражат-7300,0 (жети млн. үч жүз миң) сом.
3. Кант шаарынын 2016-2017-жылдарга бюджетинин негизги параметрлери боюнча болжолу жактырылсын:
1). 2016-жылга кирешенин жана чыгашанын болжолунун суммасы-241310,0 (эки жүз кырк бир млн. үч жүз он миң) сом, 2017-жылдын божомолунун суммасы-276176 (эки жүз жетимиш алты млн. жүз он жети миң) сом.
2).Шаардын бюджетинин 2016-2017-жылдарга карата болжолдонгон параметрлерин кабыл алууда конкреттүү мезгилге жараша такталып турууга жатат.
4. Кант шаарынын бюджетинин 2015-жылга карата киреше бөлүмү такталсын жана 2015-2016-жылдарга бюджеттин болжолдорунун түшүү булактары №1-тиркеменин негизинде түзүлсүн.
5. 2015-жылга чыгашаларды каржылоо каражаттары шаардык бюджеттин эсебинен №2-19-тиркемелерге ылайык аныкталсын.
6. 2015-жылга чыгашаларды каржылоо так алынган кирешелердин чегинде аныкталсын. Аны менен катар, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгашалар (эмгек акы, соц.фондго төлөмдөр, дары-дармектер, тамак-аш) жана коммуналдык төлөмдөр каржылансын.
7. Штаттык сандагы бош орундардын азайып же көбөйүшү муниципиалдык мекемелерде кабыл алынган нормативдик актыларга байланыштуу корголгон беренелердин чыгашалары азайып, же көбөйүшү мүмкүн.
8. Чыгаша беренесин максаттуу колдонуу жоопкерчилиги муниципиалдык мекемелерге жана уюмдарга жүктөлсүн.
9. 2014-жылдагы толук каржыланбай калган чыгашалар 2014-жылдын бюджетинде каралган, бөлүнгөн каражаттардын чегинде компенсациялансын.
10. 2015-жылы Кант шаардык мэриясынын шаардык бюджетине салык агенттеринин жеке киреше салыгынын жердин астын иштетүү (алтын, нефть, газ иштетүүнү алып таштаганда) нормативдик түшүүлөрү 50% чегинде, сатуудан түшкөн салык 50% болуп бекитилсин.
11. Муниципиалдык мекемелердин кирешелери, бюджеттик каражаттарынан жана атайын каражаттарынын сметасынан ашык түшкөн каражаттар толугу менен шаардык бюджеттин карамагында караштырылсын.
12. Муниципиалдык уюмдарга жана мекемелерге бюджеттик жана атайын каражаттарды казына тутумунан өтүп пайдаланууга тыюу салынсын.
13. №1-жатакананын жумушчуларынын эмгегин стимулдаштыруу максатында атайын эсеп менен бюджеттик эсептин деңгээлинде эмгек акы төлөнүп берилсин.
14. Кант шаарынын мэрине ашык болжолдонгон кирешелердин түшүшүнө, кирешеден чыгашанын көп болушуна байланыштуу 2015-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу Кант шаардык Кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен берилсин.
15. 2015-жылга шаардык бюджеттин жалпы көлөмүнүн 1%га чейинки чекте Кант шаардык мэринин резервдик фонду 1000,0 (бир млн.) сом суммасында түзүлсүн.
16. Кант шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык өнүгүү бөлүмүнө шаардык бюджетин аткаруу процессинде киреше бөлүмүн ашык аткаруудан түшкөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президенти койгон социалдык маселелерди чечүүгө мамлекеттик жана улуттук программаларын ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын токтомдоруна, райондук мамлекеттик администрациясынын, шаардык кеңештин жана шаардык мэриянын токтомдоруна муниципиалдык кызматкерлерин сыйлоого демилге берүүгө, коммуналдык тейлөөлөрдөгү карыздарды төлөөгө, керек болгон учурда өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга, ЖӨБОна убактылуу каржылык жардам берүүгө жана башка чыгымдарды жумшоого каралсын.
17. Кант шаардык мэриясынын каржы-экономикалык өнүктүрүү бөлүмү Кант шаарынын мэри Э.Д.Абдрахмановдун макулдугу менен Кант шаардык Кеңешинин жана Кант шаардык мэриясынын кызматкерлерине жыл башында бош калган каржы каражаттарынын эсебинен 5 айлык маянанын өлчөмүндөгү эмгек акы (жарым жылдык жана жылдын жыйынтыгы боюнча, Нооруз, КРнын Эгемендүүлүк Күнү, ЖӨӨБ Күнү) төлөп берүү каралсын.
18. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-тиричилигин жакшыртуу максатында арыздардын келип түшүшүнө карата жана турмуш-тиричилиги изилденгенден кийин 1000 (бир миң) сомдон 5000 (беш миң) сомго чейинки эсепте материалдык жардам көргөзүлсүн, катаал турмуштук шартта каржылоо шартка жараша көбөйтүлсүн.
19. Калк менен жакшыртуу, санитардык тазалоо маселелери боюнча иш алып барууга көмөктөшкөнү үчүн, шаардын коомдук жашоосуна катышкан аймактык өзүн-өзү башкаруу органынын жетекчилерине, аксакалдар сотунун төрагасына жана мүчөлөрүнө ай сайын келишимдин негизинде сыйлоо көрсөтүлүп турсун. (№20-21-тиркеме).
20. Өндүрүштүк керектөөлөргө байланыштуу Кант шаарынын мэриясынын аппараты үчүн алынган “Тайота Кэмри” маркасындагы №5577 SK мамлекеттик номерлүү автоунаасы шаардык кеңештин аппаратына күйүүчү-майлоочу майлары менен 100% жана керектүү запастык бөлүктөрү жана ошондой эле башка транспорттук тейлөөлөрү менен 2015-бюджеттик жылга пайдаланууга берилсин.
21. Башкы адис-юрист (Бубаева С.) автоунааны Кант шаардык Кеңешине убактылуу пайдаланууга керектүү иш-кагаздарды мыйзамдын негизинде даярдасын.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кант шаардык мэрине шаардык бюджеттин эсебинен сыйлоо жана кызматтык эмгек акыны бектиүү, муниципиалдык кызматкерлерге жана шаардык мекемелердин, муниципалдык уюмдардын жумушчуларына кошумча эмгек акы чектөө укугу сакталсын.
23. Мэриянын, шаардык Кеңештин аппаратынын жана кызматкерлеринин жана жумушчулардын эмгегин стимулдаштыруу максатында жыл башында бош калган каржы каражаттардын эсебинен күнүгө тамак-ашына 100 (жүз) сом жана байланыш үчүн бир айга 400 (төрт жүз) сом төлөнүп берилсин.
24. Кант шаарынын мэрине шаардык Кеңештин чечимине ылайык 2015-жылдын башында бош калган бюджеттик каржы каражатын керектүү нерселерге жумшоого уруксат берилсин.
25. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жергиликтүү бюджеттен күнүнө 50 (элүү) сом, патранаттык-көнүгүү борборуна жана күнүнө 160 (жүз алтымыш) сом эсебинде күнүмдүк тамактандыруу нормативи түзүлсүн.
26. Кант шаардык мэриясы кепилдик фондун түзүп, уставдык капиталды түзүүгө жыл башында бош калган каржы каражатынан 6000,0 (алты млн.) сом бөлүнсүн.
27. Кант шаардык мэриясы жыл башында бош калган акча каражатынын эсебинен тейлөөлөрдү төлөөгө акча бөлсүн:
28. Кант шаарынын мэриясынын мекемелеринин жана муниципиалдык уюмдарынын жалпы курулуш жана оңдоп-түздөө иштерин кабыл алуу боюнча техникалык көзөмөлчүгө келишимге ылайык 1%.
29. Кант шаарынын мэриясынын мекемелеринин жана муниципиалдык уюмдарына пландалган оңдоп-түздөө, курулуш иштерине түзүлгөн сметанын жалпы баасынан сметаны түзүү боюнча адиске келишимге ылайык 1%.
30. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Мамралиев М.М.) жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Шайлдабеков |