Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-марты № 81/12-3
Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитүү жөнүндө
Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун милдетин аткаруучусунун өтүнүчүн карап жана талкуулап чыгып, Токмок ш. мэриясынын аппаратында жана түзүмдүк бөлүктөрүндө кадрлык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”,жана “Жер кодекси жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын төмөндөгү жаңы курамы бекитилсин:
| Шамыралиев Ж.Ж. | Токмок ш. вице – мэри – комиссиянын төрагасы; |
| Чотбаев К.К. | Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун м.а. – комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
| Момункулов М.А. | Чүй-Токмок аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын башкаруучусу; |
| Садамкулова Ф.А. | Токмок ш. ОААжМСКЭКБ санитардык бөлүмүнүн башчысы; |
| Кыдырбаев А.Ю. | Токмок шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башкы архитектору; |
| Дженишев С.А. | Токмок ш. мэриясынын башкы адиси – юрист; |
| Керимов У.Э. | ӨКМнин Токмок шаардык бөлүмүнүн башчысы; |
| Машалаева Р.Ш. | Токмок шаардык Кеңешинин депутаты; |
| Идрисов С.М. | Токмок шаардык Кеңешинин депутаты; |
| ДубинаА.Е. | «ДАО» коомдук бирикмесинин төрагасы; |
| АбышкаевА.Дж. | Токмок ш. жеке ишкери. |
2. Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан (К.К.Чотбаев), ички буйрук менен Токмок ш. Курулуш жана жерди пайдалануу боюнча комиссиянын катчысы болуп, Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгынын жооптуу кызматкери дайындалсын.
3. Токмок шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 15-августундагы №63/10-3 токтому күчүн жоготту деп саналсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев
|