Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 78/12-3
“Тейлөө Борбору” Борборун түзүүгө макулдук берүү жана Токмок ш. мэриясынын аппаратынын жаңы түзүмүн бекитүү жөнүндө
Токмок ш. мэринин 18.02.2014-ж. чыг.№132/1-4 кайрылуусунун негизинде жана бирдиктүү терезе принциби боюнча жарандарды жана юридикалык жактарды тейлөө максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳгү” Мыйзамдарына ылайык жана мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. мэриясына “Тейлөө Борбору” Борборун түзүү долбоорун иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок ш. мэриясынын биринчи кабатына бирдиктүү терезе принциби боюнча жарандарды жана юридикалык жактарды тейлөө боюнча атайын бөлмө ачууга макулдук берилсин.
3. Токмок шаарынын каржы бөлүмүнүн башкаруучусу (Котко Н.Т.) тарабынан пилоттук долбоорду ишке ашырууну камсыздоо максатында атайын бөлмөгө жабдуу алууга чыгымдарга жергиликтүү бюджеттен каражат каралсын.
4. Жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу алкагында Токмок ш. мэриясынын аппаратынын жаңы функционалдык түзүмү бекитилсин (тиркелет).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну, Токмок шаардык Кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |