Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-апрели № 30/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун аткаруу максатында айыл өкмөттүн штаттык бирдиктерин 2012-жылга башкы эсепчинин милдетин аткаруучу С.Арпачиева тааныштырды жана 2012-жылдын апрель айына чейин экономист-статист менен чыгымдоолор боюнча бухгалтер-кассир штаты кыскаргандыгын жана бул токтом боюнчг аппарат кызматкерлерине тааныштырылып колдору коюлгандыгына бйлдируу берди.
Жогорудагыларды белгилеп XXV шайланган Он-Арча айылдык Кенештин XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 181 токтому аткарууга алынсын.
2. Айыл өкмөтүндө төмөндөгүдөй штаттык бирдиктер бекитилсин.
1. Айыл өкмөт башчы | -1 штаттык бирдик |
2. Жооптуу катчы | -1 штаттык бирдик |
З. Айыл башчы | -1 штаттык бирдик |
4. Башкы эсепчи | -1 штаттык бирдик |
5. Соц адис | -1 штаттык бирдик |
6. Салык инспектор | -1 штаттык бирдик |
7. ВУС кызматкер | -1 штаттык бирдик |
8. Иш кагаздарын алып баруучу | -1 штаттык бирдик |
9. Мал чарбачылык ветеринардык маселелери боюнча | -1 штаттык бирдик |
| (ветеринар,жер адис) |
10. Техникалык болум | -2 штаттык бирдик |
(кароолчу, айдоочу, тазалоочу)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы башкы эсепчинин милдетин аткаруучу С. Арпачиевага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Босунов |