Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-апрели № 30/3
Жайыт комитетинин 2012-жылга карата малдарга баа бекитүү жөнүндө
XXV шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кенешини XXX сессиясынында жайыт комитетинин эсепчиси С.Качкынбаевага 2012-жылга бодо мал 35 (отуз беш) сомдон. майда жандыкка 7 (жети) сомдон, башка жактан келген бодо малдарга 70 (жетимиш) сомдон, кой-эчкиге 20 (жыйырма) сомдон белгилене тургандыгын сессияга сунуш кылды.
Жогорудагыларды белгилеп XXV шайланган депутаттардын Он-Арча айылдык Кеңешинин XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин бюджетине 2012-жылга бодо мал 35 (отуз беш) сомдон, майда жандыкка 7 (жети) сомдон, башка жактан келген бодо малдарга 75 (жетимиш беш) сомдон, кой-эчкиге 15 (он беш) сомдон жана алынган толго майда жандык 7( жети) сомдон бодо малдын толуно 17 (он жети) сомдон белгиленсин.
2. Жайкы мал санактын жыйынтыгы менен белгиленген малдардын жайыт акыларын эсебин чыгарып, чогултуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т. Асанбековго, эсепчиси С.Качкынбаевага жүктөлсүн.
3. Жайыт комитетинин ишине көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Болотбековго тапшырылсын.
Төрага | М. Босунов |