Редакцияот 05.09.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин XXV чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

 

2012-жылдын 5-сентябры № 4

Сакалды айылынын Кормоцех учаскасындагы башталгыч мектепке Матсаков Мусанын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Күн тартибиндеги төртүнчү аралаш маселелерди карап жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеңешинин XXV чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сакалды башталгыч мектебинин эмгек жамаатынын 25.08.2012-жылдагы жалпы жыйынынын № 1 протоколу бекитилсин.

2. Сакалды айылымым Кормоцех участкасындагы башталгыч мектепке маркум Матсаков Мусанын ысымы ыйгарылсын,

3. Аталган мектептин социалдык зарыл маселелерин чечүүдөе түздөн-түз көмөк көрсөтүү Матсаков Мусанын үй-бүлө мүчөлөрүнө жүктөлсүн.

4. Токтомду бектип берүү Ноокен райондук кеңешинен суралсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Э.Умаровго жүктөлсүн.

 

Сакалды айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Жунусов М.А.