Редакцияот 31.03.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 5-шайланышынын 18-сессиясы

 

2012-жылдын 31-марты № 13

Айыл округунун бюджетин бекитип жатканда Ден Соолук комитетине айлык чектеп берүү жөнүндө

Айыл округунун бюджетин бекитип жатканда Ден Соолук комитетинин жетекчисине айлык чектеп берүү боюнча айылдык кеңештин төрагасы М.Турганалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл округу өзү дотацияда олтургандыктан, айыл ичин суу менен камсыз кылып жүргөн 3(үч) бирикме башчыларына айыл округу айлык чектей албай келе жатат, ошондуктан Ден Соолук комитеттерине айлык акыга акча каражаты каралбай тургандыгы белгиленсин.

2. Токтом чыгарып берүү жагы айыл округунун башчысы М Абылгазиевге тапшырылсын.

 

Төрага

М. Турганалиев