Редакцияот 31.03.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 5-шайланышынын  18-сессиясы

 

2012-жылдын 31-марты № 15

Н.Үсөналиев атындагы орто мектептин күлүн чыгаруу жөнүндө

Н.Үсөналиев атындагы орто мектептин директору А.Эшмамбетовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Усеналиев атындагы орто мектептин кочегарынан чыгарылган күл, мектеп салынгандан бери чыгарылбай, төгүлүп жаткан жерине толуп кеткендиктен чыгартуу үчүн көп бензин кетет экен, быйылкы жылга бюджет жетпегендиктен 2013-жылы чыгарылсын.

2. Бул токтомду аткаруу жагы ФЭБ башчысы Э.Керималиевага тапшырылсын.

 

Төрага

М. Турганалиев