Редакцияот 13.08.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 5-шайланышынын 19-сессиясы

 

2012-жылдын 13-августу № 6

Казыбек айыл аймагынын Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарындагы «Казыбек —Жеткинчек», «Айданек» бала бакчаларынын жетекчилери Г.Молдакунованын өтүнүчү жана К.Ыдырысованын сунушу жөнүндө 

Казыбек айыл аймагынын Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарындагы «Казыбек-Жеткинчек», « Айданек» бала бакчаларынын жетекчилери Г.Молдакунованын өтүнүчү жана К.Ыдырысованын сунуштарынын негизинде , айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казыбек айыл аймагынын Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарындагы «Казыбек-Жеткинчек»,«Айданек» бала-бакчаларынын жетекчилери Г.Молдакунованын өтүнүчүн, К.Ыдырысованын сунушун жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 30.07.2012-жылдагы № 972 каттын канааттандыруу максатында бала-бакчаларда ата-энелер взносун бирдей деңгээлге 300 (үч жүз) сомго бекитилсин.

2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы М.Абылгазиевге жана аны аткаруу жагы бала бакчалардын жетекчилери Г.Молдакуновага жана К.Ыдырысовага тапшырылсын.

 

Төрага

М. Турганалиев