Редакцияот 24.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги V сессиясы

 

2013-жылдын 24-апрели № 48

 

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамын аткаруу үчүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө "мыйзамына 2013-жылдын 22-февралында өзгөртүү киргизилип, 2013-жылдын 1-мартынан баштан күчүнө киргендигине байланыштуу Ийри-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган калктын көпчүлүгү кыргыз тилин билгендиктен, айылдык Кенештин сессиясында ченемдик актыларынын долбоорлору мамлекеттик тилде гана каралсын жана жүргүзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ийри-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С. Курманбеков