Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-январы № 5/1
Көкөтаева Жийде Шералиевнага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Көкөтаева Жийде Шералиевна 1962-жылы 29-майда Тянь-Шань районундагы Эки Нарын айылында төрөлгөн. 1979-жылы орто мектепти аяктагандан кийин 1980-1984- жылдары Фрунзе шаарындагы Маяковский атындагы кыз келиндер институтун бҮтҮргөн. Эмгек жолун Нарын шаарындагы Кыргызстандын 60 жылдыгы атындагы орто мектепте мугалим болуп эмгектенүү менен баштап, иштеги жетишкендиктердин натыйжасында окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ушул эле мектепте директор болуп иштеп келүүдө.
1994-2008-жылдары мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда сабак берип келген. 1997-жылы Нарын облусунда «Намыс» программасынын жеңүүчүсү болгон. 1994-жылдан бери Нарын шаарында «Мугалимдердин билимин өркөндөтүү институтунда» лектор болуп эмгектенип келүүдө.
1997-жылы Эл агартуунун отлични ги төш белгисин алган. 2006-жылы «Соң-Көлдү Манас жердеген» фестивалында Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигинин дипломуна татыктуу болгон. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министирлигинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган. 1998-2008-жылдары Сорос фондусу боюнча эл аралык деңгээлде тренер болуп иштеген. 2008-жылы АКШнын Монтана штатында 1 айлык окууда болгон. Бүгүнкү күндө Эл аралык уюмдарга ар кандай долбоорлорду жазуу менен мектепке керектүү инвентарлар менен камсыз кылып келүүдө.2008-жылдын октябрь айынан бери Нарын шаардык Кеңешинин депутаты.
Көкөтаева Жийдеге Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Нарын шаарынын «Московский» чөлкөмүнүн жашоочуларынын, ата-энелер комитетинин жана депутаттык туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын билим берүү тармагына кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Көкөтаева Жийде Шералиевнага Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Көкөтаева Жийде Шералиевнага атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Көкөтаев |