Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-январы № 5/3
Сабитова Анара Сагындыковнага Нарын шаарынын Ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө
Сабитова Анара Сагындыковна1981-жылы орто мектепти аяктап, 1986-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетин, 2000-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин юридика факультетин сырттан окуп бүтүргөн.Эмгек жолун 1986-жылы Нарын шаарындагы №7 Матен Сыдыков атындагы орто мектептин тарых жана коом таануу мугалими болуп иштөөдөн баштап, ошол эле мезгилде мектептин профсоюз уюмун жетектеген.
1998-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан жогорку категориядагы мугалим, коомдук иштерге активдүү катышкан, уюштургуч кадр катары облустук край таануу музейинин директорлугуна сунушталып, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенүүдө.
Сабитова Анара Сагындыковна музейде эмгектенүү менен бирге мугалимдик кесибин улантып, жаш тарыхчылардын «Мурас» клубун уюштуруп, «Сорос-Кыргызстан» фондусу, Теңир-Тоолук илимпоз-окумуштуулар, тарыхчылар, мектептер менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп, илимий китеп фондусу түзүлүп, жаштарды элибиздин тарыхын терен үйрөнүүгө, патриоттуулукка тарбиялап келүүдө.
Анара Сабитованын уюштуруучулук жетекчилиги менен музей 1999-жылы «Манас-1000» дирекциясынын Дипломуна, Нарын облустук маданият башкармасынын «Ардак грамотасына», 2001-жылы Нарын облустук администрациясынын «Ардак грамотасына», Алкыш каттарына, Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата өткөрүлгөн Республикалык «Кыргыз мурасы», «Кылымдар баяны» аттуу көргөзмөлөргө, Нарын облусунда «Кийиз» боюнча өткөрүлгөн эл аралык симпозиумга катышып, облусубуздун намысын коргоп Республика боюнча 1-орунду алып, «Алтын медалга», Эл аралык сертификаттарга, «Алдынкы маданият мекемеси» наамына, облустук «Намыс» программасынын жеңүүчүсү Дипломуна, Билим жана маданият министрлигинин «Ардак грамотасына» ээ болгон.
Анара Сабитова агартуу жана маданият тармагындагы үзүрлүү эмгектери үчүн «Эл агартуунун отличниги», «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин жана КРнын Президентинин «Ардак грамотасынын» ээси, Республикабыздагы белгилүү «Музейное пространство», «Культура и право» журналдарынын редколлегия мүчөсү, 2008-жылдан бери Нарын шаардык Кеңешинин депутаты. Нарын шаарынын социалдык-маданий өнүгүшүнө жигердүү салымы үчүн шаардык Кеңештин, мэриянын «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
Сабитова Анарага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү облустук тарых музейинин эмгек жамаатынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын сунуштарынын негизинде Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Агартуу жана маданият тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Сабитова Анара Сагындыковнага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Сабитова Анара Сагындыковнага атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Көкөтаев |