Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-апрели № 24/2
Айыл аймагындагы жашаган калктын менчик малдарын баккан малчыларга төлөнүүчү эмгек акыларын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын тургундарынын сунуштарынын негизинде айыл аймагында жашаган калктын менчик малдарын баккан малчыларга төлөнүүчү эмгек акынын тарифтерин бекитүү үчүн депутаттардын Дөбөлү айылдык Кенешинин сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында жашаган калктын менчик малдарын баккан малчыларга мал ээлери тарабынан төлөнүүчү эмгек акыларынын тарифтери төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин;
- Кой-эчки баккандарга бир айга башына 20 сомдон;
-Бодо мал баккандарга бир айга башына- 100 сомдон.
2. Айыл аймагында жашап туруш калктын менчик малдарын багуучу адамдар тарабынан бекитилген тарифтерди бузуу өз алдынча ашык эмгек акы алып мал бакса мыйзам боюнча тийиштуу чара көрүлсүн.
3. Мал баккан малчыларга ортонку жана алыскы жайыттарга барып малдарды багып келуу учун жайыттарды чектеп бекитип берүү жагы жайыттар комитетине тапшырылсын.
4. Малчылар жазында жана кузундо жайлоочу жайлоосуна оз убагында кочуп кетип кузундо белгиленген моонотто кочуп келуусун козомолго алуу жагы жайыттар комитегинин торагасы А.Аракеевге, айыл өкмөтүнүн мал чарбачылык жана ветеринариялык тейлоо маселелери боюнча башкы адиси Б. Токталиевке, айыл башчылары Ж. Алымбаевке, Ж.Курмановго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы (Ибраимакун уулу Ж) тапшырылсын.
Төрага | У. Богачиев |