Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-февралы № 26/15-50
ЖАК «Мекс–Ресурс» тарабынан Кайыңды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине которулган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
ЖАК «Мекс–Ресурс» тарабынан 2015-жылга чейин берилген лицензияны кармап туруу үчүн, 2014-жылдын төртүнчү кварталынын акча каражаты Кайыңды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине толугу менен которулбай 2015-жылдын январь айында которулуп калгандыктан маселе каралып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин кошумча түшкөн кирешелер булагы боюнча 566367 сомго жана чыгашалар боюнча 566367 сомго бекитилсин.
2. Кайыңды айылдык аймагына караштуу мекеме-уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарынын зарыл болгон учурда, бир разделден экинчи разделге жана бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын макулдашуусу менен жүргүзүүгө, уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага | З. Абдрахманов |