Редакцияот 05.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ананьев айылдык кеӊешинин XXVI чакырылган XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 5-марты № 5

Ананьев айлынын таксисттерине жер тилкесин арендага берʏʏ жөнʏндө

Ананьев айлынын таксисттеринин суроолору боюнча азыркы турган жери жол кыймылына кооптуу болгондуктан Ананьев айлынын Ленин жана Совет көчөлөрʏнʏн кесилишиндеги потребобществонун имаратынын кʏн чыгыш жагынан орун ижарага убактылуу берʏʏ жагын карап, талкуулап Ананьев айылдык кеӊеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ананьев айлынын Ленин жана Совет көчөсʏнʏн кесилишиндеги Потребобществонун имаратынын кʏн чыгыш тарабындагы жер тилкеси таксисттерге убактылуу ижарага берилсин.

2. Бул токтом каттоодон өткөрʏлсʏн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизʏʏ ʏчʏн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жөнөтʏлсʏн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ананьев айыл өкмөтʏнʏн башчысы Э.Б.Супаевке жʏктөлсʏн.

 

Ананьев айылдык

кеңешинин төрагасы

Окенаев Т.М.