Редакцияот 24.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 24-апрели № 26–17/64

«Мектепке чейинки балдарга билим берүү» долбоору аркылуу пайдаланган электроэнериясын жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү жөнүндө

Кайыңды айыл аймагына караштуу Кайыңды айылынын орто мектебинин «Мектепке чейинки балдарга билим берүү» долбоору аркылуу каржыланып жаткан проектинин электроэнергиясын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылоо үчүн

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кайыңды мектебинин «Мектепке чейинки балдарга билим берүү» долбоору аркылуу каржыланып жаткан проектинин электроэнергиясын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылансын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшобаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджеттик маселелер боюнча тармактык комиссиянын төрагасы Б.Алымбаевге. тапшырылсын.

 

Төрага

З. Абдрахманов