Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-августу № 26–18/65
Кайыңды айыл аймагы боюнча кылкандуу дан эгиндерди оруп жыюу өнөктүгүнүн жүрүшү жөнүндө
Кайыңды айылдык аймагы боюнча 2015-жылдын түшүмү үчүн 297 га жерге кылкандуу дан эгиндер эгилген анын ичинен күздүк буудай 207 га, жаздык арпа 90 га. Бүгүнкү күнгө оруп жыюу өнөктүгү түзүлгөн графиктин негизинде 3 комбайын дыйкандарга кызмат көрсөтүп 250 га оруп жыйылды. Орточо эсеп менен 1 га 27-28 центнерден буудай, арпа 1 га 20-21 центнерден айланды. Жогрууда аткарылган иштерди карап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айыл аймагы боюнча кылкандуу дан эгиндерди оруп жыюу өнөктүгүнүн жүрүшү талапка жооп берет деп табылсын.
Төрага | З. Абдрахманов |