Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-августу № 204/25-6
Талас шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын №2 протоколдук чечимине ылайык, карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 11-мартында Талас шаардык кеңешинин кезектеги XX-сессиясында кабыл алынган №159/20-6 токтомунун негизинде, жергиликтүү бюджеттин кирешенин чыгашадан ашкан каражатынын эсебинен;
- 2015-жылы 2-августа Улуу Жеништин 70 жылдыгына карата Воронеж облусунун Селявное-2 Советтер Союзунун Баатыры Ч.Түлөбердиев эрдик жасаган кыштакта өткөрүлүүчү 10-Эл аралык Элдер достугу иш чарасына катышуу үчүн 195,0 мин сомду.
- Талас шаарынын генералдык планын түзүүгө каралган 1000,0 млн сомдун 150,0 мин сомун кошуп, Кыргыз Республикасынын кичи шаарлар арасында Балыкчы шаарында өтө турган Спартакиадага катышуу үчүн Талас шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнө жалпы 345,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизиндеги 1-4 класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо боюнча долбоорго Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы №1 орто мектеби киргизилгендигине байланыштуу мектептин ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүү жана идиш аяк менен камсыздоо үчүн жана бөлүмдүн башка капиталдык ондоо иштерине Талас шаардык билим берүү бөлүмүнө сметада каралган акча каражаттарды 2015-жылдын бюджетинде бекитилген беренесинин үнөмдөлгөн жана ички резервдеринин эсебинен жумшоого макулдук берилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Мамбетов Р.М.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |