Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 22-июлу № 192/23-6
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 26-беренеси, Талас областык юстиция башкармалыгынын 2015-жылдын 4-июнундагы № 01-22/275 катына ылайык, карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинде кабыл алынган ченемдик укуктук актылар мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу боюнча иш алып баруу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы “Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (А. Ажибаева) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |