Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № 158
2014-жылдагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюджета жөнүндө
2014-жылдагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюлжетинин аткарылышын угуп жана талкуулап, ошондой эле "2015-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджета жөнүндө" мыйзамын жетекчиликке алып, депутаттардын айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн маалыматы зеке алынсын жана жергиликтуү бюджетинин аткарылышы кирешелер боюнча 36186,9 мин сом көлөмүндө, чыгымдары боюнча 39233,1 мин сом көлөмүндө бекитилсин.
2. 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджета кирешелер боюнча 41941,1 мин сом көлөмүндө жана чыгымдар боюнча 41941,1 мин сом көлөмүндө 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттен 2015-жылы каржылануучу чыгымдардын көлөмү 22-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген көлөмдөрү 53-тиркемеге ылайык бекитилсин.
а) Айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлеринин 25 штат бирдиги 206790 сомдук айлык акысы менен бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде айлык эмгек акылары 5000 сомго чейинки айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине электр энергиясы үчүн айына 200 сомдон компенсация төлөнүп берилсин.
б) Кызыл-Суу айылдык маданият үйүнүн кызматкерлеринин 3 штаттык бирдиги 15875 сомдук айлык акысы менен жана Жалгыз-Өрүк айылдык клубунун кызматкерлеринин 2 штаттык бирдиги 8125 сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
Айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн жана Жалгыз-Өрүк айылындагы айылдык клубдун кызматкерлеринин эмгек акысына 2014-жылдан баштап ай сайын 25% кошумча акча каражаты 2009-жылдын 7-апрелиндеги е119 "Маданият жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин негизинде төлөнүп берилсин.
Мындан тышкары маданият уйунун жана парктын ээлеген аянты чон болгондуктан жана маданият уйунун штаттык бирдигинде кароолчу штаты каралбагандыктан, маданият бөлумунун 22154900 "Башка чыгымдар" статьясынын эсебинен контракттык негизде бир жумушчуну каржылоого уруксаат берилсин.
в) Жалгыз-Өрук айылынлагы айылдык китепкананын кызматкеринин 1 штаттык бирдиги 6325 сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
г) спорттук комплекстин кызматкерлеринин 7 штаттык бирдиги 27100 сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
д) "Факел" жаштардын ден-соолугун чындоочу борборунун сакчысынын 1 штаттык бирдиги 3400 сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
е) Мектеп окуучуларын ташыган автобустун айдоочусунун 1 штаттык бирдиги 4200 сомдук айлык акысы менен. мурдагы Кайнар башталгыч мектебинин сакчысынын 1 штат бирдиги 3400 сомдук айлык акысы менен. мурдагы Сарт-Аке орто мектебинин сакчысынын 1 штат бирдиги 3400 сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
ж) Келечек" жетим балдар үйунүн кызматкерлеринин 5 штаттык бирдиги 35025 сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
5. 2014-жылда төлөнбөй калган карыздары 2015-жылдын бюджетные каралган чыгымлардын чегинде төлөө жургузуу жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө,соииалдык фондго чегерүүлөргө ж.б. корголгон (защищенный) статьяларга жумшалсын.
6. Айыл өкмөтунө бюджеттеги каралган кирешелерли жана чыгымдарды толук аткарууга багытталган иш-чараларды регулярлуу турдө ишке ашыруу милдеттендирилсин.
7. 2015-жылы бюджеттен каржылоодон тушкөн кирешелердин көлөмунлө жургузуулөрү жана биринчи кезекте эмгек якы төлөөгө сониалдык фондго чегерүүлөрү,тамак-ашка жана женилдиктерге каралган чыгымдарды каржылоого жумшалсын.
8. Жергиликтүү бюджеттен каржылаган мекемелердин атайын каражаттарын казналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казыналыктан тышкары пайдаланылган каражаттар тиешелүү деңгээлдеги бюджеттерге алынаары бекитилсин
9. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга накталай жүгүртүлүүчү акча каражаты 200000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы участкалык милиция кызматкерлеринин кызматтык автоунааларына күйүүчү май жана автотетиктерди алууга, өзүнүн жеке автоунааларын кызмат учурунда пайдаланган айыл өкмөтүнүн жер адистерине.салык инспекторлоруна кызматтык функционаллык милдеттерин өз денгээлинде аткарууга көмөк көрсөтүү максатынла мезгил-мезгили менен куйуучу май бөлүнүп берилсин. 2015-жылга куйуучу май.автотетиктерди сатып алуу чыгымдарын 2015-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин чыгымдар бөлүгүнүн 70111 "Айыл өкмөтүнүн аппараты" бөлүмү аркылуу жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
11. Айыл өкмөтүнүн айыл-чарба жана жерге жайгаштыруу маселелери боюнча башкы адиси Б.Кадыралиевге.райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктүн укуктарын каттоо боюнча башкармалыгы менен бирдикте кайра бөлуштүрүү фондунун жер аянттары 2015-жылдын 1-июнуна карата такталып,түзүлгөн келишимдер инвентаризацияланып.тиешелүү маалыматтар айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшырууга милдеттендирилсин.
12. Муниципалдык менчиктерди тактап.мамлекеттик катоодон өткөруу жана аны эффективдуу пайдалануу, айыл ичиндеги жерлерди 2015-жылдын 1-майына карата инвентаризациялап. аукцион аркылуу сатыкка коюу жагы айыл өкмөтунө тапшырылсын.
13. Кызыл-Суу айыл аймагынын жашоочуларынын көпчулугу кыргыз тилинде суйлөгөндуктөн. токтом мамлекеттик тилде даярдалып, массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жагы жана юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу боюнча иш жургузуу айыл өкмөтунун юридикалык маселелер боюнча башкы адиси А.Молдоибраевага тапшырылсын.
14. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөллөөсу айыл өкмөтүнө жана айылдык Кенештин туруктуу комиссиясынын төрайымы С.Табалдиевага жуктөлсүн.
15. Токтом 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
Б.Жаманов |