Редакцияот 05.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРЫДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы

 

2015-жылдын 5-июну № 175/22-6

Талас шаардык А.Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин ишмердүүлүгү жөнүндө

Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2015-жылга карата иш планынын жана Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3 пунктунун 5 пунктчасына ылайык карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаардык А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жетекчисинин (А.Байгабылова) жалпы ишмердүүлүгүн карап, кызматтык баа берүү боюнча биргелешкен комиссия түзүлсүн жана комиссиянын ишинин жыйынтыгы Талас шаардык кенешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.

2. Кабыл алынган токтомду аткаруу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын вице-мэрине (Н.Базарбаева) милдеттендирилсин.

3. Токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Д.Абакиров) тапшырылсын.

 

Төрага

А. Джузупбеков