Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-июлу № 117
Акман айыл аймагынын №35 Исаков атындагы орто мектебине окуу-өндүрүштүк тажрыйба чарбасын уюштуруу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн аймагындагы №35 Т.Исаков атындагы орто мектебинин директору Р.Матисаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакьтрылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн аймагындагы №35 Т. Исаков атындагы орто мектебине окуу-өндүрүштүк тажрыйба чарбасы уюштурулсун.
2. Акман айыл аймагынын карамагында жайгашкан Жалал-Абад университетинин окуу-өндүрүштүк тажрыйба чарбасынын 38,67 га жери №35 Т. Исаков атындагы орто мектебинин окуу-өндүрүштүк тажрыйба чарбасына өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомду аткаруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы убактылуу милдетин аткаруучу |
Т.Р. Жолдошов |